Депутат Тиллаев: «Дарттын алдын-албасак, залакасы тиет»
- 5 лет мурун
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 30-январдагы, жалпы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев дарттын алдын-албасак, мамлекетке жана калкка залакасы тиерин белгиледи:
«Жогорку Кеңеш өзүнчө эле ооруканага айланып калды, жардам сурап кайрылгандар өтө көп. Мындай оор дартка чалдыккандарга чет өлкөлөрдө операция жасалат. Дарыланууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок, ошондон улам алар кыйналат, тууган-туушкандарына да кыйын. Монголияда мамлекет калктын саламаттыгына акысыз изилдөө жүргүзүп, алдын-алуу чараларын көрөт экен. Биз дагы алардын тажрыйбасына кайрылышыбыз керек» деп кошумчалады ал.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү