Төлө Исаков саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды
- 5 лет мурун
Төлө Исаков саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буга чейин Исаков саламаттык сактоо министрлигинин дарттын алдын-алуу жана экспертиза департаментинин директору болуп иштеп келген.
Ал эми Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин орун басарлыгынан бошотулду.
Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.
Сүрөттө: Төлө Исаков. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү