Матраимовдордун медиаларга доосу боюнча сот иши уланат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 29-январда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун «Азаттык» жана «Клооп» медиаларына койгон доосу боюнча сот оутуруму уланат.

Жогорку Кеңеш депутаты Искендер Матраимов, анын аялы Минавар Жумаева, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын аялы Уулкан Тургунова 24 kg басылмасына койгон 15 млн сом доосун кайтарып алгандыгын жарыя кылган.

2019-жылдын 19-декабрында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык», «Клооп», 24 kg медиаларына жана журналист Али Токтакуновго койгон доосу боюнча сот отуруму башталган.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыялаган.

Сүрөт: «ПолитКлиника». Мурдагы сот отурумдарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты