​Кытайдан кыргызстандык алты студент Кыргызстанга келди

  • 4 года мурун

28-январда эртең менен Кыргызстанга Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келген.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында билдирди.

Алар Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинде окушат.

Ал студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), буларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, ден соолугу канааттандыраарлык, оорунун белгилери чыккан жок. Лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, аталган студенттер 2019-жылдын 27-декабрынан 2020-жылдын 21-январына чейин Кыргызстанда каникулда болушкан.

2020-жылдын 21-январынан 27-январга чейин Үрүмчү шаарында болушкан.

Кыргыз студенттер Мекенине Казакстан аркылуу келген.

Ички иштер министрлиги Кытайдын ЖОЖдорунда окуган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин аныктап жатат.

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 106 га жетти. Ооругандардын саны 4515 киши болду.

Дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы короновирус кишиден жуга турганын ырасташты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты