Кыргызстанда коронавирустун алдын-алуу боюнча кандай иш-чаралар көрүлүүдө?

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 27-январда, өкмөт жыйынында коронавирустун алдын-алуу чаралары тууралуу маалымат берди.

Министр Космосбек Чолпонбаев жыйында коронавирустун дүйнөгө жайылуусу жана Кыргызстандагы абал боюнча маалымдады.

Вирус Кытайдан тышкары Япония, АКШ, Тайванда катталды, Кытайга барып келген кишилер аркылуу да дүйнөгө тарап жатат. Азыр вируска каршы вакцина чыга элек. Бирок 50 дөй сыркоо айыкты деген маалымат бар.

Коронавирустун алдын-алуу боюнча Кыргызстанда ыкчам штаб түзүлгөн.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы Кытайдан келген эт жана эт азыктарына убактылуу чектөө киргизди

Бишкек жана Ош аэропортторунда тепловизорлор коюлуп иштеп жатат. Бардыгы 13 тепловизор бар.

22 санитардык-өткөрмө пункту такталган. 17 эпидемиолог иш алып барууда. Кыргызстанда эки вирусологиялык лаборотория бар, Үлгүнү чет өлкөлүк лабораторияга берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Дары-дармек, беткап, шприц бар. 3,5 млн беткап бар. 500 медициналык кызматкер окуудан өткөн.

Саламаттык сактоо министринин айтымында, коронавирустун өзгөчөлүгү- анын инкубациялык мөөнөтү 14 күн экенинде. Бул учурда да ал жугуу коркунучуна ээ. Ушул жагы кооптуу. Оору 14 күндөн кийин билинет.

Жаңы ыкма киргизилип, бут кийим да дезинфекцияланып жатат.

Бишкекте 32-30-55, 32-32-02 телефондору күнү-түнү маалымат берип иштеп жатат.

Министр Кыргызстанда массалык оюн-зоокторду чектебесе да, ден соолук коопсуздук чараларын сактоо керектиги боюнча сунушун билдирди.

Анын айтымында, киши көп чогулган жерлерде беткап кийиш керек. Тамак-ашты колдонууда санитардык норманы сактоо керек.

Кыргызстанда коронавирус катталган жок, туура эмес ар кандай фейк маалыматтар чыгып жатат.

Бул вируска байланыштуу бүгүн Бажы союзунун санитардык врачтарынын телеконференциясы болот.

Бул тууралуу Чолпонбаев өкмөттө маалымат берди.

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 80 кишиге жетти. 2744 киши бул вирусту жуктуруп алганы белгилүү болду.

Ухань шаарынан кийин коронавирустан Хубей провинциясынын тогуз шаары жабылды.

Дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы короновирус кишиден жуга турганын ырасташты.

Сүрөттө: коронавирус микроскоп менен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты