Казакстан: Жаңы-Өзөн тургундары бийликтен иш менен камсыздоону талап кылышууда

  • 4 года мурун

Казакстандын Маңгыстау облусунун ЖаңыӨзөн шаарынын тургундары бир нече күндөн бери акимчиликке барып, мунай тармагында маянасы жакшы иш менен камсыздоону талап кылышууда.

Маалыматтарга караганда, иш талап кылгандардын саны жүздөн кем эмес, арасында көп балалуу жана жалгызбой энелер да бар.

Активист Нурсултан Нурымов иш менен камсыздоону талап кылган кишилерге жергиликтүү бийлик жана полиция кысым көрсөтүп жатканын айтты.

— Полиция «мыйзамга каршы митинг» жасап жатасыңар деп эскерткендиктен, кол топтоп расмий түрдө митингге уруксат суроого арыз даярдап жатам, – деди ал.

Бийлик өкүлдөрү бул кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Мунай тармагынан иш талап кылган 200дөй жашоочу дүйшөмбүдө да акимчиликке барган. Анда Жаңы-Өзөн шаарынын акими Максат Ибагаров учурда бош орун жок экенин билдирип, аларга коммуналдык ишканалардан жана башка кызмат көрсөтүү мекемелеринен жумуш сунуштаган.

Бирок жашоочулар акимдин сунушуна макул болбой, бийлик калкты татыктуу иш менен камсыздоо багытында иш алып барбай жатканына нааразы болушкан.

Расмий маалыматар боюнча Жаңы-Өзөндө 151 миң киши жашайт. Шаарда «КазМунайГазга» таандык газды кайра иштетүүчү «Озенмунайгаз» ишканасы жайгашкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты