Сузакта аял эки баласы менен иске ууланып каза тапты

  • 4 года мурун

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылында 33 жаштагы аял жана анын эки баласы иске ууланып каза тапты.

Бул тууралуу райондун акими Эрмекбай Омошев ЖМКга билдирди.

Айтымында, аял мектепте техникалык кызматкер болгон. Уулу жети жашта, мектепте окучу жана кызы беш жаштарда. Күйөөсү Россияда иштейт.

Алардын сөөгүн кечээ, 21-январда, табышкан. Акыркы жолу аларды коңшулары жума күнү көрүшкөн.

Иллюстрациялык сүрөт Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты