Тамак-аштан уулангандардын саны 20 кишиге жетти

  • 1 месяц мурун

Тамак-аштан уулгандардын саны 20 кишиге жетти. Бул тууралуу республикалык клиникалык жугуштуу оорукананын башкы врачы Гүлжигит Аалиев ЖМКга билдирди.

Тамак-ашка уугуп калган 20 кишинин 19у ооруканага жаткырылган. Алардын бирөөнүн абалы катуу болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылды. Анын абалы дурус болуп калды. Калган бейтаптардын абалы жакшы.

Буга чейин Бишкектин Байтик баатыр, 18 көчөсүндө жайгашкан “Буфет” ашканасынан тамактануудан кийин ууланып калган факты катталган.

Аталган ашкана жабылып, 13 миң сом айып салынган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты