​Эл каттоого даярдык кандай?

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн калкын каттоо боюнча даярдыктардын жүрүшү менен таанышты.

Президент бүгүн, 21-январда, улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды.

Кыргызстанда калкты каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы аймактарда 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы калкты каттоо толугу менен электрондук форматта мобилдик тиркеменин жардамы менен өткөрүлүп, Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан «Survey Solutions» программасы колдонуларын кошумчалады.

Тестирлөө максатында калкты кагаз жана электрондук түрдө каттоо пилоттук тартипте үч жолу Токмок шаарында жана Чүй областынын Чүй районунда, Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагында жана Ош шаарында жүргүзүлгөн.

25 миңге жакын адам бул ишке тартыларын белгиледи. Жалпысынан Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун каттоо бөлүмдөрү жана 4 миңге жакын инструктордук участкалар ачылат.

Президент Сооронбай Жээнбеков калк жөнүндө маалыматтарды жыйноо жана алынган маалыматтарды иштеп чыгууну сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков статистикалык маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну толугу менен электрондук форматка өткөрүүнү камсыз кылуу зарылдыгына дагы бир жолу токтолду. Ошондой эле өлкөнүн аймактарынын социалдык-экономикалык абалы боюнча актуалдуу статистикалык маалыматтарды түзүү иштерин күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты