​​Өзбекстанда өкмөт отставкага кетти

  • 4 года мурун

Өзбекстандын өкмөтү жаңы шайланган Олий Мажлиске ыйгарым укуктарын тапшырганы тууралуу билдирүү жөнөттү.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол койгон кайрылуу алгач мыйзам чыгаруу палатасына, андан соң сенаттын жаңы мүчөлөрүнө тааныштырылды. Эки палата тең өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

Премьер-министрдин талапкерлиги бүгүн, 21-январда парламенттин төмөнкү жана жогорку палатасынын биргелешкен жыйынында каралып, бекитилери күтүлүүдө.

Буга чейин депутаттык көп мандатка ээ Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы президентке премьер-министрдин кызматына кайрадан Абдулла Ариповдун талапкерлигин сунуштаган.

Министрлер кабинети премьер-миинстрдин сунушу менен Мыйзам чыгаруу палатасы колдогондон кийин президент тарабынан бекитилет.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты