​Казакстан сыртка мал сатууга тыюу салды

  • 4 года мурун

Казакстандын айыл чарба министрлиги сыртка малжандыктарды экспорттоого тыюу салганын билдирди.

Өткөн жылы коңшу Өзбекстанга жүз миңдеген мал сатылганы кабарланган.

— Мал-жандыктарды жапырт түрдө экспорттоо эттин баасынын жогорулашына алып келди. Мындан тышкары Казакстандагы эт азыктарын өндүрүү ишканаларына терс таасирин тийгизди. 2019-жылы бул ишканалардын көбү жарым кубаттуулукта иштешти. Буга чийки заттын тартыштыгы себеп болду, — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекемеден белгилешкендей, мал-жандыктарды экспорттоого тыюу салуу — эт азыктарынын өндүрүшүн жогорулатуу жана аны экспорттоо көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.

Расмий маалыматтарга караганда, 2019-жылы Казакстандан 156 миң баш бодо мал сыртка сатылган. Алардын 121,6 миңи же 78 пайызы Өзбекстанга, 14 пайызы Арменияга чыгарылып кеткен. Мындан тышкары дээрлик 264 миң кой сыртка экспорттолсо, анын 76% Өзбекстанга, 8,1% Орусияга, 6,7% Азербайжанга жана 4,5% Иранга туура келген.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Dilara Isa/(FRE/RL)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты