Үч медиага Матраимовдордун доосу боюнча сот отуруму башталды

  • 4 года мурун

“Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновго, Клооп жана 24 kg басылмаларына Матраимовдордун доосу боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда сот иши башталды.

Сот отурумунда Жылдыз Ибраимова төрайымдык кылууда.

Матраимовдордун адвокаты өзгөрдү, мурда адвокат Жданова болсо, азыр Азиз Канатбек болууда.

2019-жылдын 19-декабрында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык», «Клооп», 24 kg медиаларына жана журналист Али Токтакуновго койгон доосу боюнча сот отуруму башталган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү “Азаттык” радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, “Kloop.kg” жана “24.kg” сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты