17-мартта Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарында 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы: Чыңгыз Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5; 93/6, Токтоналиев көчөсү., 139/3; 157; 153; 153/3; 155, Төлөмүш Океев көч.,  39/3; 39/4; 39/8; 39/7; 39/6.

Суу «Аэропорт» суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

  •  
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты