Матраимовдордун үч медиага доосу боюнча сот отуруму өтөт

  • 4 года мурун

Бүгүн, 20-январда. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун «Клооп», «Азаттык», 24 kg басылмаларына доосу боюнча экинчи сот отуруму болот.

Бул тууралуу Бектур Искендер фейсбук баракчасында

2019-жылдын 19-декабрында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык», «Клооп», 24 kg медиаларына жана журналист Али Токтакуновго койгон доосу боюнча сот отуруму башталган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү “Азаттык” радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, “Kloop.kg” жана “24.kg” сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Сүрөт: «ПолитКлиника». Мурдагы сот отурумунан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты