Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
- 5 лет мурун
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.
Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.
Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бекиди.
Уюштуруу комитетине Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу тапшырылды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү