Исмаилов «Азаттык» радиосунун борбор азиялык программа директорлугуна дайындалды
- 5 лет мурун
Белгилүү өзбек жазуучусу жана журналист Хамид Исмаилов «Эркин Европа/Азаттык радиосунун» (РСЕ/РС) борбор азиялык программаларынын директорлугуна дайындалды. Ал бул кызматка 1-февралдан тартып кирешет.
«Акыркы убакта Борбор Азиядагы кызматтар маанилүү окуяларга арналган бир нече материалдарды даярдашты. Мындан улам бул күчтү бекемдеп, ишибизди жаңы деңгээлге алып чыгуу үчүн Хамиддин бизге кошулууга макулдук беришине кубанычтабыз» деп айтылат РСЕ/РС президенти Жейми Флайдын билдирүүсүндө.
Ал бул чөлкөм өтө татаал экенин, бирок Хамиддин тажрыйбасы иштин стартегиялык багытын камсыздоого жана Борбор Азиядагы аудиторияга мыкты журналисттик эмгектерди сунуштоону улантуу үчүн кесиптештерге колдоо көрсөтүүгө жардам берерин белгилеген.
RFERL медиакорпорациясына чейин Хамид Исмаилов 14 жыл Би-Би-Синин Борбор Азия жана Кавказ кызматын жетектеген. Бул кызмат ар кыл платформаларда он өлкө үчүн алты тилде радио-жана телекөрсөтүүлөрдү даярдайт. Кийинчерээк ал Би-Би-Синин европалык бөлүмүнүн аткаруучу редактору болгон.
2017-жылы 1-мартта Братаниянын делегациясы менен Лондондон Ташкентке келген Исмаиловду аэропорттон кармап, себептерин түшүндүрбөстөн Өзбекстандан чыгарып жиберишкен.
2019-жылы мартта Исмаилов Өзбекстандын расмий түрдө кечирим сурашын күтүп жатканын айтып, улуттук УзА агенттигине маек берүүдөн баш тарткан.
Хамид Исмаилов англис, орус, француз жана Борбор Азия элдеринин тилдеринде сүйлөйт. Ал бир нече ыр китептердин, романдардын автору. Анын чыгармалары чет тилдерге которулган.
Акыркы он айдан бери RFERL медиакорпорациясынын Борбор Азия боюнча аймактык директорунун милдетин Венера Жуматаева аткарып жаткан. Ал 2010-жылдан бери «Эркин Европа/Азаттык Радиосунун» кыргыз кызматын жетектеген жана ушул ордуна кайра кайтып келет.
RFERL медиакорпорациясынын Борбор Азия кызматында беш редакция – «Азаттыктын» кыргыз, казак, өзбек, тажик жана түркмөн кызматы бар.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.
Сүрөттө: Хамид Исмаилов.