​Украинанын премьер-министри отставкага кетти

  • 4 года мурун

Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Мунун алдында анын президент Владимир Зеленскийди жамандаганы тууралуу тымызын жаздырылып алынган аудио жазуу тарап кеткен.

15-январда «Ютубда» Украинанын премьер-министри, каржы министри жана Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын үндөрүнө окшош адамдар Владимир Зеленскийди экономиканы түшүнбөйт деп айыпташкан.

Бул окуядан кийин Гончарук ага карата ири масштабдагы каралоо кампаниясы жүрүп жатканын билдирген.

Алексей Гончарук «Фейсбуктагы» баракчасына: «Мен бул кызматка президенттин программасын аткаруу үчүн келгем. Ал мен үчүн ачык-айкындуулуктун жана ак ниеттүүлүктүн үлгүсү болуп эсептелет» деп жазган. Ал коопчулуктагы шектенүүлөргө чекит коюу үчүн отставкага кетүү чечимин кабыл алганын кошумчалаган.

36 жаштагы адвокат Алексей Гончарук премьер-министрлик кызматка 2019-жылы август айында дайындалган.

Сүрөт: Урядовий портал/Official website.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты