Айсулуу Тыныбекова Италиядан алтын медаль утту
- 5 лет мурун
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Италиядагы эл аралык мелдеште алтын медалга татыктуу болду.
16-январда ал 62 кг салмакта ат салышт. Мелдеште бардыгы болуп 19 спортчу кыз мелдешти.
Финалдык оюнда Айсулуу 2019-жылдын вице-чемпиону, россиялык Любовь Овчарова менен таймашты.
Мелдештин 7:2 эсебинде атаандашы алган жаракатынан кийин оюндан баш тартып, баш байгеге Айсулуу Тыныбекова татыктуу болду.
Сүрөт: // UWW
Муну бөлүшүү