​Абылгазиев Дмитрий Медведев менен телефондон сүйлөштү

  • 4 года мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев Россия коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган Дмитрий Медведевге Россия өкмөтүнүн төрагасы кызматындагы биргелешкен үзүрлүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык кызматы билдирди.

Өкмөт башчы анын кыргыз-россия мамилелерин өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымын баса белгиледи.

Кыргызстанда Дмитрий Медведевдин стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр аралык шериктештикти бекемдөөдөгү жеке салымы жогору баалана турганын белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда кыргыз-россия алакаларынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты