​Курулушту өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды

  • 4 года мурун

Өкмөт курулуш тармагын 2030-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын кабыл алды.

«Курулуштун бирдиктүү стандарты, деталдуу пландоо жок. Кайсы жерге кандай кааласа куруп жатышат. Бул негизинен борбор шаарга тийиштүү. Биз документти түзүлгөн кырдаалды жакшыртуу максатында абыл алдык» деди премьер-министр Абылгазиев кеңешмеде.

Жаңы редакцияда архитектуралык-пландоо кызматтарын иштеп чыгууда өрт коопсуздугун көзөмөлдөөчү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана санитардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашууну жоюу сунушталып, кагаз же электрондук вариантта долбоордук документацияны экспертизага берүү каралган.

Ошондой эле имараттардын энергетикалык сертификаттарына мамлекеттик реестр жүргүзүү жана адистердин квалификациялык сертификация тартиби бекитилди.

Сертификациялоонун максаты – имараттардын энергоресурстарды колдонуусуна мүнөздөмө берүү, энергияны үнөмдөөдөгү дараметин аныктоо жана имараттардын кожоюндарына энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды берүү.

Өлкө ИДПсында курулуш чөйрөсүнүн үлүшү 29% экендигин өкмөт башчы айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты