​Бишкекте Кыргызстан жана Азербайжан достук паркы курулат

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын түштүк жагында Кыргызстан жана Азербайжан достук паркы курулат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, достук паркын курууга капсула салуу аземинде билдирди.

Мындан тышкары, Азербайжан тарап Бишкек шаарынын «Көк-Жар» конушунда орто мектеп куруу ниетинде.

Парк Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турган расмий сапарынын алкагында ачылары белгиленди.

Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев Кыргыз Республикасынын Президентине бул долбоордун ишке ашырылуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин кайрылуусун окуду.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, аталган парк 5,5 га аянтка жайгашат.

Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтан, бассейн, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары ж. б. орнотулат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Парк курулушуна капсула салуу аземинен. Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты