Тегеранда учактын кулашынын жаңы жагдайлары

Тегеран шаарында Украинанын Boeing 737-800 учагы кулап түштү. Бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү каза болду. Жүргүнчүлөрдүн саны 168 жана 9 экипаж мүчөсү деп билдирилди.

Украинанын Ирандагы элчилиги учактын кыймылдаткычы техникалык себептерден улам күйгөнүн билдирди. «Учурда терроризм себеби алынып салынды» деди элчилик.

Кырсыктан улам Украинанын президенти Омандагы эс алуусун токтотуп, Киевге кайтат.

«Украина 24/7» ЖМКсынын билдирүүсү боюнча, кулаган учакта 15 украиналык, 71 Иран жараны, 73 канадалык, сегиз Швеция жараны, алты афганистандык, төрт германиялык жана үч Улуу Британия жараны болгон. Бирок, жарандар тууралуу маалымат расмий түрдө тастыктала элек. Украинанын Ирандагы элчилиги экипаждын тогуз мүчөсү украиналык экенин билдирди.

Учак кулагандан кийинки видео.


Reuters агенттиги билдиргендей, бир нече ири авиакомпания Иран менен Ирактын үстүнөн учпоо үчүн рейстеринин багытын өзгөрттү.

Baza 11 украиналыктын тизмесин жарыялады.

1) Сергей Хоменко

2) Катерина Статник

3) Марина Микитюк

4) Валерия Овчарук

5) Володимир Гапоненко

6) Юлия Сологуб

7) Ольга Кобюк

8) Алена Малахова

9) Алексей Наумкин

10) Игорь Матков

11) Денис Лыхно

Россиянын Ирандагы элчилиги кулаган учакта россиялыктар жок экенин билдирди.

Владимир Зеленский учактын кулашы боюнча кылмыш ишин козгоону жана себептеринин бардык варианттарын карап чыгууну тапшырды.


Ирандын жарандык авиация башкармалыгы кулаган учактын экинчи кара кутучасы табылганын билдирди.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты