Иранда кулаган учактан аман калгандар жок
- 5 лет мурун
Иранда кулаган Украина учагынан бир да киши аман калган жок. Бул тууралуу Иран телевидениесине шилтеме берип, Рейтер агенттиги билдирди.
Украина учагы бүгүн 8-январда эртең менен Тегерандагы эл аралык Хомейни атындагы аэропортто кулаган. РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, учакта 167 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсү болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү