​Социалисттик эмгектин баатыры Каныш Сагымбаеванын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

  • 4 года мурун

Социалисттик эмгектин баатыры, Кыргыз ССРнин Жогору Советинин Президиумунун төрагасынын мурдагы орун басары, Каныш Сагымбаеванын сөөгү 2020-жылдын 2-январында Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

2019-жылдын 31-декабрында 83 жаш курагында Кыргыз ССР Жогору Советинин Президиумунун төрагасынын мурдагы орун басары, Социалисттик эмгектин Баатыры Канышбек Сагымбаева дүйнөдөн өттү.

Канышбек Сагымбаева 1937-жылы 7-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Аксай айылында туулган.

Ал 18 жашында Бишкек шаарына келип, Октябрдын 40 жылдыгы атындагы тигүү фабрикасына ишке орношкон.

Сагымбаева 1969-жылы жеңил өнөр жай техникумун аяктаган. Ал бүтүндөй эмгек жолун фабрикага арнап, ошол жерден 55 жашында пенсияга чыккан. Ардактуу эс алууга чыгардын алдында 10 жыл бою ал өндүрүштө мастер болуп иштеген.

Ал Ленин, Эмгек кызыл туу, Октярь революциясы ордендери менен сыйланган. 1976-жылы Кыргыз ССР Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп шайланган. Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

1980-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары болуп шайланган, Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын ХХV съездинин делегаты болгон.

1984-жылы агаСоциалисттик эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган.

Архивдик сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты