Сокулуктун Орок айыл өкмөтү футбол борборун курууга жер бөлүп берет

  • 4 года мурун

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтү футбол борборун куруу үчүн жер бөлүп бермей болду.

Бул тууралуу КР футбол федерациясы билдирди

«КР футбол федерациясы жана Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтында футбол борборун куруу үчүн жерди бөлүп берүү келишимине келди.

Бөлүнгөн жер шаардын түштүк-батыш аймагында ,”Арча-Бешик” жаңы конушунан кийин жайгашкан А. Масалиев көчөсүндө орун алган» деп билдирди КР Футбол федерациясы.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бул маселе мыйзамдын чегинде карала турганын, 2019-жылы Бишкекте жер тилкесин берүүгө тыюу салынганын жана башкы планга өзгөртүу киргизүү керектигин айткан.

Бишкек шаар кеңешиндеги «Республика-Ата Журт» фракциясы футбол борборун куруу боюнча мэр Азиз Суракматовго ишенбөөчүлүк билдирмек болушкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты