Шыкмаматов: «Ар-намыс мандаттан маанилүү»

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, партиядан кеткенин билдирди. Себеп катары “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилесинин буулганын айтты. БШК анын мандатын алды.

Алмамбет Шыкмматов азырынча эмне себептен Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганын айтпай турганын билдирди:

«Мындай чечим кабыл алуу мен үчүн өтө оор болду. Жүрөгүм ооруп, кабыл алдым. Анткени “Ата Мекен” партиясына 15 жылдан бери мүчө болдум. Бул партиянын мүчөлөрү эң берилген, эң кайраттуу адамдар деп билем. Алардын Баткенден баштап Ак-Талаага чейин ар бирин тааныйм.

Өмүрбек Текебаев өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында алдына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, саясий комбинациялардын “атасы”, саясий харизмасы бар лидер жана тарыхый инсан. Бирок турмуш экен, экөөбүздүн ортобузду “кара мышык» аралап өттү. Себептерин азыр айтпай эле турайын. Балким, кийинчерээк эл билээр. Көз караштар ар кандай. Аны кийин айтам«,- деди Шыкмаматов.

Ошону менен катар Шыкмаматов “Жеке ар-намысым мен үчүн мандаттан да, кызматтан да жогору болуп келген. Бирок саясаттан кетпейм. Көз карашым төп келишкен саясатчылар, топтор менен биригем” деген оюн кошумчалады.

Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев “орус жаранынан пара алды” деген негизде сегиз жылга эркинен ажыратылып, бирок азыр иши кайра каралып жатат.

Сот чечимине байланыштуу Текебаевдин мандаты алынгандан кийин парламенттеги фракциянын лидерлигине Алмамбет Шыкмаматов келген.

Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты