Салыкты убагында төлөбөгөн унаа ээлерине айып салынды
- 5 лет мурун
Мамлекеттик салык кызматы унаа салыгын убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2 миң 397 унаа ээсине административдик айып салды.
Мындан тышкары, бул мезгилде 628,5 млн сом суммасында жергиликтүү салык чогултулган. Анын 182,1 млн сому транспорт салыгы, 171,6 млн сом – кыймылсыз мүлк салыгы, 274,8 млн сом жер салыгы, анын ичинен 34,2 млн сом короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы.
Унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 2-сентябрда аяктаган.
Муну бөлүшүү