Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү узартылды

  • 4 года мурун

Өкмөт «убактылуу» айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынды.

Тиешелүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул айдоочуларды каттоодо документтерди өз убагында берүүнү камсыздоо максатында кабыл алынды.

2019-жылдын декабрынан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаган.

Бүгүнкү күнү 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулук мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктү (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) туруктуусуна алмаштыруу иштери аткарылууда.

Айдоочулук күбөлүк берүү штаттык режимде жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты