Президент балдарды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда, балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык иш-чарага катышты. Президенттик балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан балдар келди.

Балдарга кайрылып жатып, аамлекет башчы билимдүү адамдар гана өзүнүн өлкөсүн өнүктүрүп, алдыңкылардын катарына чыгара аларын баса белгиледи.

«Мамлекеттин өнүгүүсү жаңы технологиялар менен тыгыз байланышкан. Ошол үчүн бардык мектептерди интернет, компьютердик класстар жана мультимедиялык техникалар менен камсыз кылууга көп аракеттер көрүлүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин жаңы жылдык балатысына бардык облустардан мектеп курагындагы 1100 бала келди.

Алардын ичинде окуунун мыктылары, эл аралык сынактардын, олимпиадалардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты