Казакстанда оодарылып кеткен батут ээлерине сот өкүмү чыкты

  • 4 года мурун

Караганды соту шаардык паркта оодарылып кеткен батуттун алдында калып мерт болгон 11 жаштагы баланын иши боюнча өкүм чыгарды.

“Коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген кызмат көрсөтүү” беренеси боюнча Ерлан Такишев беш жылга эркинен ажыратылды. Анын жубайы Алия Такишева төрт жылга кесилди. Такишеванын кичинекей баласы болгондуктан, анын жаза өтөө мөөнөтү жылдырылды.

Сот маркум баланын апасына моралдык зыян өндүрүп берүү жөнүндөгү доо арызды жарым-жартылай канааттандырды.

Быйыл 25-май күнү катуу шамаалдан улам батут оодарылып кетип, анын кесепетинен 11 жашар бала мерт болуп, дагы үчөө жаракат алган. Алардын экөө ооруканага жаткырылган.

Тергөө батут жерге жакшы бекитилбегенин, аттракционду иштетүү боюнча расмий түрдө уруксат алынбагынын аныктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты