Өрттөн 6 жашар кыз көз жумду
- 4 года мурун
23-декабрда саат 16:32 де Тогуз-Торо районунун Казарман айлында турак үйдөн чыккан өрттөн 6 жашар кыз көз жумду.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Казаарман айылынын Казымбаев көчөсүндөгү үйдөн терезе парда күйүп, андан улам 2013-жылы туулган Н. кызы А. чарчап калды.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, өрттүн чыгышына электр жабдуусу себепчи болгон.
Муну бөлүшүү