Бишкектеги балаты КМШдагы мыкты ондуктун катарына кирди

  • 4 года мурун

«Ала-Тоо» аянтында жайгашкан Кыргызстандын башкы балатысы КМШдагы мыкты ондуктун катарына киргендигин «ТурСтат» агенттиги билдирди.

Туристтик портал 2020-жылдагы жаңы жылдык кооздуктардын эң бийиктери боюнча рейтинг чыгарган.

  • Ашхабаддын балатысы— 40 метр ;
  • Еревандын балатысы — 37 метр;
  • Ташкенттин балатысы — 36 метр;
  • Бакунун балатысы — 34 метр;
  • Минскинин балатасы — 30 метр;
  • Душанбенин балатысы — 29 метр ;
  • Москванын балатысы — 27 метр ;
  • Бишкектин балатасы — 27 метр;
  • Нур-Султандын балатысы — 25 метр;
  • Кишиневдин балатысы — 20 метр .

«ТурСтат» агенттигинин маалыматына караганда Москванын 27 метрлик балатысы КМШ өлкөлөрүнүн борборундагы кооздуктардын ичинен токойдон кыйылып келген бирден бир узун балаты.

Быйыл Бишкектин тургундары менен меймандарына майрамдык маанай тартуулоо үчүн 5 миллион 800 миң сом сарпталды. Борбордук аянтты «Тазалык» менен «Бишкекжарыктын» 105 кызматкери кооздогон. Балатыга миңден ашуун оюнчук илинип, 300дөн ашуун гирлянда тагылган. Анын жалпы узундугу үч чакырым экени айтылды.

Айтмакчы, Борбор Азиядан чыгып, Европага баам салсак, жакында эле балаты тамашасы интернетке тарады. Лондондун Трафалгар аянтына коюлган балатыны шаардыктар жана социалдык тармактын колдонуучулары шылдыңдап, тартып алган сүрөттөрүн жайылтууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты