​Интернетте баңгизат момпосуюн саткандар кармалды

  • 5 лет мурун

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун интернет айдыңында курамында баңгизат жана эңги-деңги кылуучу заттарды сатып жүргөндөрдү кармады.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 267-берене, баңзи жана психотроптуу заттарды сатуу үчүн даярдоо боюнча катталды.

Текшерүүдө Бишкек шаарында 1984-жылы туулган А. И.нин үйүнөн атайын жабдылган компьютердик техника, марихуана, шприцтеги гашиш майы, баңгизатка окшогон күкүм, баңгизат момпосую, галлюцинация пайда кылуучу козу карын ж.б. табылган.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты