​Бабанов саясий ишмердигин жыйынтыктаганын билдирди

  • 4 года мурун

Бүгүн Бишкекте «Республика» партиясынын кезексиз съездинин ачылышында Өмүрбек Бабанов саясий ишмердигин жыйынтыктап жатканын, партиянын жаңы лидери катары Мирлан Жээнчороевди көрөрүн билдирген. Аны сөзүнө бекем турган адам катары билерин, өлкөнүн да, партиянын да келечегине салым кошорун, партиянын реформа жолун улантарын кошумчалаган.

Партиянын жаңы лидери болуп шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев партиянын ишмердүүлүгүн Өмүрбек Бабановсуз эч ким элестете албай турганын билдирди.- Бабанов койгон деңгээлди алып кетүү оор болот. Бул жөн эле кызмат эмес- чоң жоопкерчилик, — деди ал.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы 15-октябрда президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Президенттик шайлоодон кийин Россияга чыгып кеткен. 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

2017-жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан. Буга чейин ал өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты