​Райондук 46 гезит-журнал жоюлду

  • 4 года мурун

Аймактардагы ЖМКларды реформалоо максатында маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине караштуу 46 гезит-журнал жоюлду.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу аталган департаменттин башчысы Салкын Сарногоева Жалал-Абадда өткөн жыйында билдирди.

— Юстиция министрлиги жогорудагы ЖМКлардын ишмердүүлүгүн токтотту, жаңы медиа борборлорду түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Облустарда иштеген 600 кызматкердин 110ну кыскартылып, калгандарынын маянасы 15 пайызга көбөйдү. Жети облуста медиа борборлорду түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ага облустук телеканал менен облустук гезиттер бириктирилет. Жаңы жылдан баштап аймактык медиа борборлордун бирдиктүү маалымат сайты да иштей баштайт. Аны жасалгалоо жана иштеп чыгуу боюнча тендер жарыяланды, — деди Сарногоева.

Мындан сырткары январь айынан тартып медиа борбордун ар бир кызматкери жаңыча иштөө боюнча окутулуп, маалыматтарды таратууда телеканал, гезит, сайт багытындагы иштей башташат.

Ар бир райондо экиден кабарчы болот. Медиа борбор жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарын заман талабына ылайык иштетүүгө шарт түзүү максатында түзүлүүдө,

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты