​Президент Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

Жыйындарда чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн сырткары КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Россиядагы элчи Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Бул тууралуу Президенттин басма соз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты