​Кыргызстандын медиа коомчулугу билдирүү жасады

  • 4 года мурун

Кыргызстандын медиа коомчулугу өлкөдө сөз эркиндиги боюнча абал төмөндөп, ЖМКга жапырт DDoS-атака, көп миллиондогон доо коюлуп, иликтөө жүргүзгөн редакциялардын банктык эсептери жабылууга дуушар болуп, журналисттердин жеке коопсуздугуна коркунуч келип жаткандыгын белгилейт.

Бийлик бутактарына төмөндөгү талаптар коюлду:

1. Журналисттердин дене-бой жана санарип коопсуздугун камсыздоо;

2. kloop.kg, «Азаттык» и OCCRP иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүү;

3. Иликтөө журналисттерине коюлган доо боюнча сотту чынчыл, ачык жана калыс өткөрүүну кепилдөө;

4. ЖМКны көп миллиондогон доодон коргоо.

Медиа коомчулук өлкөдө сөз эркиндиги боюнча абал төмөндөп, ЖМКга жапырт DDoS-атака, көп миллиондогон доо коюлуп, иликтөө жургүзгөн редакциялардын банктык эсептери жабылууга дуушар болуп, журналисттердин жеке коопсуздугуна коркунуч келип жатканын белгилейт.

Бийлик тарабынан сөз эркиндигин коргоону камсыздоо боюнча чаралар көрүлбөгөндүктөн, иликтөөчү журналисттер бетин ачкан коррупциялык көрүнүштөргө чара көрүүнү талап кылып, эки жолу #РЕакция митингисине чыгышты.

Хакердик атаканын негизинде Factcheck.kg сайты токтоп, андан кийин DDoS-атакага ошол иликтөөнү көчүрүп жарыялаган Kloop, Kaktus.Media, Economist.kg, Govori.tv, vb.kg, knews.kg, pk.kg.(“ПолитКлиника”) сайттары кабылган.

Түзүлгөн азыркы абал Кыргызстандагы көз карандысыз басылмаларга басым болуп жана олуттуу тынчсызданууну жаратып жаткандыгын белгилейт, -деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты