DDoS-атака: Депутат Бекешев маселе көтөрдү

  • 4 года мурун

Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш жыйынында бүгүн, 19-декабрда, Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү тууралуу журналисттик иликтөө жасаган Factcheck.kg жана ал материалды көчүрүп жарыялаган «Кактус», «Экономист», Govori.tv, «Вечерний Бишкек», knews.kg, «Политклиника» сайттарына жасалган DDoS-атака тууралуу маселе көтөрдү.

— Мурдагы күнү, 17-декабрда, бир окуя болду: журналисттер, Factcheck.kg сайты Кыргызстандагы «белгилүү» үй-бүлө тууралуу журналисттик иликтөө жасаган. Ал жарыялангандан эки сааттан кийин ал сайт жана ал иликтөөнү көчүрүп жарыялаган башка сайттарга DDoS-атака башталган.

DDoS-атака кылмыш жаза-кодексинин 304,305, 306-беренелеринин негизинде кылмыш-аракет катары эсептелет.

Укук коргоо органдары изилдеп-жасай алабы, жасай албайбы, кылмыш-аракеттер каяктан чыкты, аны ким кылып жатат, ушундай компетенттүү адистер барбы, мен билбейт экенмин. Бирок башкы прокуратурага, ички иштер министрлигине, сураныч, ошону кылмыш жана жоруктар бирдиктүу реестрине каттап, керек болсо, башка өлкөлөргө кайрылыш керек.

Өткөн жумада биз кибер кылмыш-аракеттерди изилдөө жөнүндө документти ратификация кылганбыз. Биз муну КМШ алкагында жасасак болот.

Тийиштүү комитетте карайлы. Кибер кылмыш аракетти изилдеп, токтотконго. Ушундай протоколдук тапшырманы берсеңизидер,-деди депутат Дастан Бекешев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты