​Казакстанда жөө жүрүш учурунда ондогон кишилер кармалды

  • 5 лет мурун

Кечээ, 16-декабрда, Нур-Султан шаарынын борборунда өткөн жөө жүрүш полиция тарабынан токтотулду. Казакстан президентинин администрациясынын имаратын көздөй бараткан кишилер кармалды.

Жүрүштүн айрым катышуучулары «Саясий туткундарга эркиндик!», «Боштондук!» деп кыйкырып турушту.

Анын алдында митингге чыккандар Кытайдын Казакстандагы элчилигинин алдынан өтүүгө үлгүрүштү.

Алматыда да жөө жүрүшкө чыккандар кууп таркатылды. Айрым маалыматтар боюнча 40 тан кем эмес киши кармалды.

16-декабрда Казакстан эгемендүүлүк күнүн белгиледи. Бул дата 33 жыл мурда Алматыдагы массалык демонстрациялар өткөн күнгө туура келет.

Анда казак жаштары Советтик Казакстандын башчысы катары Геннадий Колбиндин дайындалышына каршы чыгышкан.

Мындан тышкары дал ушул күнү, 2011-жылы Жаңы-Өзөн шаарында кандуу окуя болгон. Анда мунайчылардын нааразылыгы күч менен басылып, расмий маалыматтар боюнча 17 киши каза тапкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты