Бишкекте сөз эркиндигин коргоо митинги болот
- 5 лет мурун
Шаршемби күнү, 18-декабрда, Бишкекте Ала-Тоо аянтында сөз эркиндигин коргоо боюнча #РЕакция митинги болот .
Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармактарда маалымат беришүүдө.
12-декабрда Свердлов райондук соту үч ЖМКнын – “Азаттык”, 24.kg, “Kloopтун” банктык эсептерин камакка алган чечим чыгарган.
Бажы кызматынын экс-кызматкери Райымбек Матраимов “Азаттык”, “Kloop” жана 24.kg медиаларын сотко берген. Доо арыз ошондой эле журналист Али Токтакуновго каршы берилди.
Кадыр-баркын коргоо тууралуу доо арыздын суммасы төмөнкүдөй: “Азаттык” — 22 миллион сом, “Kloop” — 12,5 миллион сом, 24.kg — 15 миллион сом.
Белгилей кете турган нерсе, 24.kg сайты “Азаттык” менен “Kloop” даярдаган контрабанданын схемалары жана өлкөнүн чегинен сыртка алып чыгарылып кеткен $700 миллион тууралуу материалын басып чыгарган.