​Жанарбек Акаев: «Үч медианын эсеби камалганы жакшы эмес» (видео)

Парламент депутаты Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында, 12-декабрда, үч медианын сотко берилери замат алардын банк эсептери камакка алынганын айыптады.

— Прокуратуранын өкүлү отурасыз. Матраимовдор үч медианы сотко бериптир. Эми сотко бергенге укугу бар. Өз чындыгын коргосун.

Бирок сотко берери менен Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду. Бул жакшы эмес жол. Эсибизге келели. Азыр шаардык сот аны жокко чыгарышы керек.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Иликтөөлөргө байланыштуу жарандык активисттер 25-ноябрда Бишкекте коррупцияга каршы акция өткөрүшкөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты