Равшан Жээнбеков камакка алынды
- 5 лет мурун
Бүгүн, 12 –декабрда, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынды.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Равшан Жээнбеков кылмыш- жаза кодексинин 244-беренеси, барымтага алуу жана 264-беренеси, массалык баш аламандык уюштургандыгы боюнча шектелүүдө.
Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу жайына камалды.
Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнү ИИМдин тергөө кызматы жүргүзүүдө.
Равшан Жээнбеков 7-8-августта Кой-Таш окуясы боюнча сурак берип жүргөн.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү