Матраимовдор “Азаттык” радиосун, “Kloop”, “24.kg” сайттарын сотко берди

Матраимовдордун үй-бүлөсү “Азаттык” радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, “Kloop.kg” жана “24.kg” сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү талабы коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка алды.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;

Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары;

Миновар Жумаева, Искендер Матраимовдун жубайы;

Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун жубайы;

“Исмаил Матраимов атындагы фонд” коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

“Азаттык Медиа” мекемесине – 22,5 миллион сом;

Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;

«24.kg» маалымат агенттигине – 15 миллион сом;

Клооп Медиа” коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.

Соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилген.

“Азаттык Медианы” тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебине 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.



Иликтөөлөргө байланыштуу жарандык активисттер 25-ноябрда Бишкекте коррупцияга каршы акция өткөрүшкөн.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты