​Үй камагындагы Рысалиев Араб Эмираттарына учуп кетти

  • 4 года мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, расмий сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткендиги маалым. Андагы мамлекеттик делегациянын курамында үй камагындагы депутат Зарылбек Рысалиев да бар.

Делегация курамындагы Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишинде сурак берүүдө. Ал үй камагына алынган.

ИИМ Зарылбек Рысалиевге өлкөдөн чыгууга уруксат берилген же берилбегенин текшерип жаткандыгын ЖМКга билдирди.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген. Алардын арасында мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы, ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев да бао.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыкпас илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгарылып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты