Жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча орган түзүлөт
- 5 лет мурун
Өкмөттөгү иш-чарада «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды.
Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 калааны, 73 калктуу пунктту камтый турган негизги этабын ишке ашырууга даярдык көрүлүп жатканын айтты.
«2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик органды түзүү тапшырмасын коём» — деди өкмөт башчы.
Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.
Муну бөлүшүү