​«Кыргызстан» партиясы «Эл үчүн» платформасын сунуш кылат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 9-декабрда, коррупция менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүндө “Кыргызстан” партиясы билдирүү таратты.

Партия Кыргызстандын келечеги үчүн өлкөнүн бардык жарандарын биригүүгө чакырды.

«Кыргызстан» партиясы коомчулук бирикпесе, өлкө өнүгө албай турганын билдирет. Жалпы максат жана элдин жыргалчылыгы негизги баалуулук болуп калышы керек. Биз баарыбыз биримдикте алдыга кадам таштоого убакыт келди. Коомчулук бардык багыттарда жаратмандыкты күтүп жатат. Тилекке каршы биздин өлкөдө көпчүлүк демилге жана программалар конструктивдүү эмес күчтөрдүн жасалма бут тосуусуна туш болууда, ар кандай топтор тарабынан маанилүү долбоорлорго тоскооолдук келүүдө» деп айтылат билдирүүдө.

«Эгер саясий алаканын негизги форматы жаңжал издеген саясатчылардын бийлик үчүн сокур күрөшү, атаандаштыктын негизги ыкмасы конструктивдүүлүк эмес, ушак-айың, жаманатты кылуу, бурмалоо болуп жатса, өлкөдө мыкты долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнбү?» деп суроо салат.

«Кыргызстан» партиясы Президент Сооронбай Жээнбековдун иш-аракетин колдой турганын билдирди.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышат жана «Эл үчүн» аттуу платформасын сунуш кыла турганын айтты.

Сүрөт: партия төрагасы Канатбек Исаев. Партиянын фб баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты