Райымбек Матраимов: «700 млн го тиешем жок»

  • 4 года мурун

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКга суракка барганда “Kyrgyztoday”сайтынын кабарчысынын бажыдан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу суроосуна жооп берди.

Матраимов август айынан бери чет өлкөдө жүргөнүн билдирди.

-Кыргызстанга келип, тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыкдармын жана суроолорго жооп беремин, -деди Райымбек Матраимов.

Ал эми Кыргызстандан чыгарылган 700 млн долларга кандай тиешеңиз бар?-деген кабарчынын суроосуна ал мындай жооп берди:

-700 млн долларга менин 7 тыйын да тиешем жок, — деди ал.

-Саймаитини тааныйсызбы?-деген суроого:

—Тааныбайм, аны көргөн эмесмин, аны менен мамиле кылган эмесмин -деди Матраимов.

-Укук коргоо органдары мени 7 ай текшерди, мага эч нерсе табылган жок, салык боюнча түшүнбөстүк, талаш-тартыштар болду. Ал айткан сумманы төлөп бердик, -деди ал.

«Азаттык» радиосу, «Клооп» порталы жана Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору ( (OCCRP) Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы кантип иштеп келгенин, бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөө жарыялаган.

Айеркен Саймаити ушул жылдын 10-ноябрында кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде атып өлтүрүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты