​Азербайжанда парламенттик шайлоо 9-февралга белгиленди

  • 4 года мурун

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 5-декабрда парламентти (Милли межлисти) таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2020-жылдын 9-февралында өтөрүн жарыялады.

Бир нече күн мурда парламент өзүн өзү таркаткан. Бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы мунун себебин Милли Межлистин «жаңылануусу» менен түшүндүргөн.

Өз кезегинде оппозициядагы демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши буга каршы чыгып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо Алиевдердин үй-бүлөсүнүн бийлигин дагы бекемдей турганын билдирген.

Быйыл октябрда өлкөнүн премьер-министри Новруз Мамедов кызматтан кетип, анын ордуна Алиевдин экономикалык маселелер боюнча жардамчысы Али Асадов дайындалган.

Анда бийлик өкмөт башчы «реформалардын» алкагында алмаштырылганын билдирген.

Азербайжанда соңку парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн жана оппозициялык партиялар ага катышуудан баш тартышкан.

Илхам Алиев 10 миллиондой эли бар Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат. Ага чейин анын атасы Гейдар Алиев мамлекетти 10 жыл жетектеген.

Сүрөт: ЕРА

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты