​Жангарачева: «Кызматтан кетишиме агрессивдүү маанайдагы адамдардын кысымы себеп болду»

  • 5 лет мурун

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жаңыдан кызматтан кеткен директору Мира Жангарачева кызматтан кетишин ЖМКга комментарийледи:

-Менин жумуштан кетүү тууралуу арыз жазуума министрдин кысымы эмес, айрым агрессивдүү маанайдагы кишилердин кысымы болду. Алар музейдин кызматкерлинин өмүрүнүн коопсуздугуна, жеке өзүмдүн жана көргөзмөнү уюштуруучуларынын өмүрүнө коркунуч келтирди. Мен мурда улуттук-патриоттук күчтөр, топтор заманбап искусствого каршы тургандар саясатка ушундай таасир берет деп ойлогон эмесмин, -деди Жангарачева. .

Мира Жангарачева 25 жылдан бери аялдардын укугу жаатында иштеп келе жатканын билдирди. Уюштурууулар көргөзмө аркылуу адаттан тыш ыкмаларды пайдаланып, өлкөдө болуп жаткан терс көрүнүштөрдү айтмакчы болушканын билдирди.

Гапар Айтиев атындагы музейде көргөзмө феминалле болуп, анда дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 56 художник катышкан.

Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги феминналеде аялдардын укугун коргоо иретинде жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык тармактарда талкууга алынып жатат.

Иш-чарага каршы болгон жарандык активисттер 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акцияга чыгып, Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин, премьер-министр маданият, маалымат жана туризм министрине сөгүш беришин жана музейде болуп жаткан феминналенин токтотулушун талап кылышты. Министр Азамат Жаманкулов аларды кабыл алып, талаптарын укту.

Мунун алдында маданият, маалымат жана туризм министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар да катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген.

Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу буйрукка 2-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов кол койду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты