Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору иш- чарасы жыйынтыкталды

  • 4 года мурун

Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эстафетасын 30-ноябрда өткөрүп берди. Салтанат Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында чоң программадагы майрамдык иш-чара менен жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, , ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйшөн Касеинов, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Түркменстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты.

КР маданият, маалымат жана туризм министра А. Жаманкулов Ош шаары түрк тилдүү мамлекеттерге байыркы шаар экендигин даңазалай алгандыгын айтып, эми дүйнө жүзүнө таанылта турган иш-чараларды да уюштуруларын кошумчалады.
Салтанатуу жабылышта Таалайбек Сарыбашов эстафетаны расмий түрдө Өзбекстандын Хива шаарынын мэри Собыр Жуманиязовго өткөрүп берди.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйшөн Касеинов Ош шаары меймандос эли, майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөргөнү менен эсте калгандыгын билдирип, ар тараптан кызматашуулар дагы да улана бере тургандыгын кошумчалады.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымдады.

2018-жылдын 18-декабрында Туркиянын Кастамону шаарында өткөн “ТҮРКСОЙго” мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 36-отурумунда байыркы Ош шаары бир добуштан түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.

Сүрөттөр: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты